Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору алмашты

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Александр Нестаев кызматынан бошотулуп, ордуна Данияр Бостонов дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү тескемелерге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, Нестаев аталган мекемени ар кайсы жылдары башкарып келген. Ал эми 36 жаштагы Бостонов буга чейин "Манас" аэропортунда улук авиадиспетчер болуп эмгектенген.
Президенттин администрациясына эки жаңы жетекчи келди