Улуу Ата Мекендик согуштун 101 жаштагы ардагери Арзыгул Мамарасулов көз жумду

Маркум өз айылында жерге берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арзыгул Мамарасулов дүйнөдөн өткөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.
Ардагер 23-апрель күнү каза болгон, 1-июнда 102 жашка толмок. Маркумдун сөөгү өз айылында жерге берилди.
Мамарасулов Жалал-Абад облусуна караган Ноокен районунун Сай-Бою айылында туулган. 20 жашында Кызыл армиянын катарындагы 81-кавалерия полкунун курамында кызмат өтөгөн. Алты айлык курстан кийин фронтко жөнөтүлүп, Ковочеркасскиде, Батайскиде, Ростов-на-Дону, Нальчик, Бесланда согушкан. Жаракатынан улам майып болуп демобилизацияланган. 1943-1983-жылдар аралыгында Жалал-Абаддын Сакалды колхозунда эмгектенгени айтылды.
Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, Жуковдун медалы жана башка бир катар сыйлыктар менен сыйланган.
Эскерте кетсек, апрелдин башында Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери калганы айтылган эле.
Пресс-борбор
"Афганчы" ардагер: жаш муунга Улуу Жеңиштеги эрдиктерди айтууга милдеттүүбүз