Улуттук банктын алтын запасы бир айда 3,2 млрд. сомго кымбаттады

Март айынын башында алтындын запасы 83,8 миллиард сомго бааланган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Улуттук банктын алтын запасынын баасы март айында 3 миллиард 167,3 миллион сомго жогорулады.
Башкы банктын сайтындагы маалымат:
марттын башында — 83 миллиард 783,1 миллион сом;
апрелдин башында — 86 миллиард 950,4 миллион.
Сумма эмнеден улам жогорулаганы тууралуу айтылган эмес.
Алтындын жана доллардын курсунун дүйнөлүк баасы кандай өзгөрдү
Төмөндө Лондон ассоциациясынын баалуу металлдар боюнча кечки фиксинги боюнча маалыматтар келтирилди. Кеп трой унциясы — 31,1 грамм алтын тууралуу жүрүп жатат;
1-марттан (1 841,25 доллар) 3-апрелге чейин (1-2-апрель дем алыш болгондуктан ага карата маалымат жок) унция 142 долларга кымбаттады. Ушул эле убакытта Кыргызстанда доллардын курсу өзгөргөн жок.

Алтын корунун өйдө-ылдый болушу

2021-жылдын май айында Улуттук банктын алтын кору рекорддук көрсөткүчкө жетип, 99 миллиард сомду чапчыган. Ал эми сентябрда 29 миллиард сомго чейин түшкөн. Кийинчерээк башкы банк 2021-жылдын башында 20 тоннага жакын алтын сатканын кабарлады. Андан соң көлөмү өйдө-ылдый болуп жатты, бирок негизинен өсүү байкалды.
Алтындын дүйнөлүк баасы 2 миң долларга чейин кымбаттап, Кыргызстанда да көтөрүлдү