Улуттук банк коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарды. Бааcы

Коллекциялык монеталар республика ичинде расмий төлөм каражат деген статуска ээ.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Улуттук банк 24-апрелден тарта "Тай туяк" жана "Сомго 30 жыл" аталышындагы коллекциялык монеталар жүгүртүүгө чыгарылганын билдирди.
"Тай туяк" коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү:
Номиналы — 500 сом;
Металлы (сапат белгиси) — Ag 925;
Салмагы — 500 грамм;
Сатуу баасы - 93 300 сом.
1 / 2

"Сомго 30 жыл" коллекциялык монетасы

2 / 2

"Тай туяк" коллекциялык монетасы

"Сомго 30 жыл" коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү:
Номиналы — 10 сом;
Металлы (сапат белгиси) — Ag 925;
Салмагы — 28.28 грамм;
Сатуу баасы – 4 110 сом.
"Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ", — деп айтылат маалыматта.
Коллекциялык монеталар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында, ошондой эле numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу иш күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин сатылат.
Улуттук банк тез төлөм системасын киргизүүнү пландап жатат