ШКУда улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү боюнча жол карта иштелип жатат

Логвиновдун айтымында, доллардан толугу менен баш тартуу үчүн дагы көп жумуштар жасалышы шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү боюнча жол карта иштелип жатат. Бул туурасында ШКУнун башкы катчысынын орун басары Григорий Логвинов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Иш кызуу жүрүп жатат. Улуттук валютага өтүү процесси оңой эмес, тилекке каршы, доллар резервдик дүйнөлүк валюта катары калыптанып калган. Улуттук валюта системасында дагы ушундай", — деди Логвинов "Беларусь 1" телеканалынын эфиринде.
Анын айтымында, доллардан толугу менен баш тартуу үчүн дагы көп жумуштар жасалып, татаал жолду басып өтүү шарт.
Ошондой эле ал ШКУнун бирдиктүү валютасын киргизүү тууралуу маселе күн тартибинде жоктугун кошумчалады. Кийинчерээк каралышы мүмкүн.
Мишустин ЕАЭБ ичинде улуттук акчанын колдонулушу боюнча айтып берди