Садыр Жапаровдун Москвага болчу сапарында эмне талкууланары айтылды

Өлкө башчы Жеңиш парадында ардактуу конок болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Россияга барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалып жатканы маалым болду.
"Өлкө лидерлери эки жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда. 2023-жылдын 9-майында Москва шаарында мамлекет башчы ардактуу конок катары Жеңиш парадына катышат", — деген Азымбакиев.
Садыр Жапаров Сауд Арабияга барарын билдирди