Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Россияга барды

Спикер Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россияга расмий сапары менен барды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Расмий сапардын алкагында Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат.
Анда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алаканы арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө.
Делегациянын курамында депутаттар: Гуля Кожокулова, Элдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Жусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза бар.
Кыргыз тилин өнүктүрүүдө орус тили кодуланбайт. Шакиев россиялык ЖМКга маек курду