Радио

Психолог: кичүүлөр менен мамиле кургандар — курагын кабыл албагандар

Психолог Сажира Абдыкаимова менталдык ден соолугу жетилген түгөйлөр бири-бирин жарым сөздөн эле түшүнөрүн айтты.
Sputnik
Өзүнөн бир топ жаш кичүү жигитке турмушка чыккысы келген айым, психологиялык жактан алып караганда, өзүнүн жаш курагын кабыл алгысы келбеши мүмкүн экенин Сажира Абдыкаимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баш кошууда жаш айырмачылык эмес, бири-бирине менталдык саламаттыгынын туура келгени маанилүү.
"Негизи үйлөнгөнгө жаш курак тоскоол болбош керек. Жалпы эле психологияда жаш боюнча чектөө деген нерсе жок. Кээ бир адамдар 18 жашта болсо да 30 жаштагыдай ойлонушу мүмкүн. Адам 50 жашка чыкса да "турмуш кур" деп айтуу туура эмес. Балким ал киши менталдык ден соолук жактан артта калган чыгар. Ар бир киши үй-бүлө куруу чечимин өзү чыгарышы кажет. Башка бирөөнүн кысымы менен үй-бүлө курууга болбойт. Адам өзүнө ылайыктуу түгөй тандайт. Психологиялык жактан жетилген адамга ошондой түгөй туш болот. Адамдын менталдык жашын түгөйүнө карап да аныктап коюуга мүмкүн. Менталдык жактан жашы кичинекейлер өзүнө "ата-күйөө" издешет. Алар өз көйгөйлөрүн чече албагандыктан өзүнөн алда канча күчтүү адамдарга токтолушат. Психологиялык, менталдык жактан жетилген түгөйлөр бири-бирин жарым сөздөн эле түшүнөт. Жаш көрүнгүсү келгендер өзүнөн бир топ жашка кичүү түгөй тандаганга аракет кылышыт", — деди психолог.
Ал психологиялык жашы төмөндөр өз алдынча өнүгүп жетилсе болорун кошумчалады.