"Коопсуздук-2023": Кыргызстандын үч облусунда биргелешкен машыгуу башталды

Аскердик абал кирген шартта резервдегилерди мобилизациялоо менен кырдаалды турукташтыруу боюнча машыгуулар жасалмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында "Коопсуздук-2023" деп аталган машыгуу башталды. Бул туурасында Коргоо министрлигинен билдиришти.
1 / 4

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында "Коопсуздук-2023" деп аталган машыгуу башталды.

2 / 4

Аталган иш-чарага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу органдарынан, аскерлеринен сырткары башка күч түзүмдөрү, министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да катышууда.

3 / 4

Анын жүрүшүндө аскердик абал кирген шартта резервдегилерди мобилизациялоо менен кырдаалды турукташтыруу боюнча машыгуулар жасалары айтылды.

4 / 4

Муну менен катар эле резервдеги роталар менен аскердик аткылоону уюштуруу, андан сырткары, кирип келгендердин, басып киргендердин мизин кайтаруу боюнча биргелешкен атайын операцияларды жүргүзүү боюнча даярдыктан өтүшүп, тажрыйба топтошот.

Аталган иш-чарага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу органдарынан, аскерлеринен сырткары башка күч түзүмдөрү, министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да катышууда.
Анын жүрүшүндө аскердик абал кирген шартта резервдегилерди мобилизациялоо менен кырдаалды турукташтыруу боюнча машыгуулар жасалары айтылды. Муну менен катар эле резервдеги роталар менен аскердик аткылоону уюштуруу, андан сырткары, кирип келгендердин, басып киргендердин мизин кайтаруу боюнча биргелешкен атайын операцияларды жүргүзүү боюнча даярдыктан өтүшүп, тажрыйба топтошот.
"Коопсуздук-2023" машыгуусу 27-апрелде аяктай турганы айтылды.
Кыргызстанда кыргыз-индиялык "Канжар–Х" машыгуусу аяктады. Сүрөт