300 тонна битум жок. Прокуратура "Кыргыз автожолдун" кызматкерлерине иш козгоду

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 17 миллион сомдон ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Башкы көзөмөл органы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада №32 Жол тейлөө ишканасына караштуу Кемин районундагы Жел-Арык битум базасына 2022-жылы 4 551 тонна битум келип түшкөн. Андан соң 4 100 тонна "Кыргыз автожолго" караштуу жол тейлөө ишканаларына таратылган. Бирок 300 тонна битум белгисиз себептер менен жок кылынгандыгы аныкталган.
"Аталган ишканалардын жооптуу адамдары кызмат абалынан пайдаланып жеке кызыкчылыгын (пайда көрүү) көздөп, мамлекетке 17 миллион 333 миң сомдук зыян келтиришкен", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") жана 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бизнесмендердин салыгын 100 млн. сомго чейин азайткан мамкызматкерлер кармалды