Өткөн жылы электр энергиясын жана анын кубаттуулугун чектөөсүз пайдаланган абоненттердин саны болгону 867ни түзгөн. Мындай көрсөткүч абдан аз болгондуктан баа төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Абайылда Адылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электр энергиясын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн тариф 5,04 сомдун ордуна 3,28 сомго чейин төмөндөтүлүп, шарты жеңилдетилди.
"Электр энергиясын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн тариф 5 сом 4 тыйындын ордуна 3 сом 28 тыйынга төмөндөтүлүп, шарты жеңилдетилди. Анткени өткөн жылы электр энергиясын жана анын кубаттуулугун чектөөсүз пайдаланган абоненттердин саны болгону 867ни түзгөн. Мындай көрсөткүч абдан аз болгондуктан анын наркын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Эми ыктыярдуу негизде керектөөчүлөрдүн саны өсүп, жеткиликтүү болуп калды. Электр энергиясына болгон баа саясаты өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга быгытталып жатат", — деди Адылбек уулу.
Ошондой эле адис чектөөсүз тарифти колдонгондор үчүн 700 киловатт-сааттык лимит колдонулбай турганын кошумчалады.