Лавров БУУнун Нью-Йорктон чыгып кетиши тууралуу пикирди колдоду

Россия апрель айында БУУнун Коопсуздук кеңешине төрагалык кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Нью-Йорктон чыгып кетиши тууралуу пикирди колдой турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Менимче, бул туура кадам болмок", — деди ал журналисттердин ушул туурасындагы суроосуна жооп берип жатып.
Эскерте кетсек, Россия апрель айында БУУнун Коопсуздук кеңешине төрагалык кылат. Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров дүйшөмбү күнү уюмдун Нью-Йоркто жайгашкан штаб-квартирасына келген. Виза берилбегендиктен министрди журналисттер коштоп барган эмес.
Сергей Лавровдун БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүсүнүн урунттуу учурлары