Автожүрүштүн максаты — ата-бабалардын улуу эрдигин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат. Бул тууралуу Абдыгул Чотбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл автожүрүш 4-майда Жеӊиш аянтынан башталат.
"Буга чейин Коргоо министрлиги коомдук уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйналыш өткөрүп, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгын белгилөө планын талкуулады. Бул жылы да "Өлбөс полк" акциясы менен биргеликте "Жеңиш ырлары" деген ураан алдында согуштун, Куралдуу күчтөрдүн, күч түзүмдөрүнүн жана оорук эмгекчилеринин республикалык кеңешинин өкүлдөрүнүн автожүрүшү өткөрүлөт. Кыймыл борбор калаанын күн чыгышын көздөй жүрөт. Быйыл автожүрүш 4-майда Жеӊиш аянтынан башталат. Андан соӊ Аламүдүндөгү Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырлардын эстелигине барып, окуучулардын катышуусунда митинг өткөрүп, андан ары маршрут Кант, Токмок, Кемин, Боролдой айылдарын көздөй уланат. Майдын башынан тартып 9-майга чейин жана кийин мектеп окуучуларына жолугуп Улуу Жеӊиш, баатырлар тууралуу айтып берип, патриоттук сезимдерин жаратчу темада сүйлөшөбүз. Себеби балдардын Улуу Жеӊиш тууралуу маалыматы абдан аз. Мектепте тарых предметинде Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу темага 90 мүнөт гана бөлүнөт. Эки сааттын ичинде мугалим балдарга эмнени айтып берип үлгүрөт? Ошондуктан биз ушул кемчиликти толуктоого аракет кылып келебиз", — деди Чотбаев.
Ал иш-чаранын катышуучулары Советтер Союзунун Баатырларынын жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигине гүл коюп жаркын элесине таазим кылып кайтышарын кошумчалады.