Астанадагы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы ачылды. Сүрөт

Буга чейин ОшМУда ЕУУнун филиалы — казак тили жана маданияты борбору иштеп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Астанадагы Евразия улуттук университетинде (ЕУУ) Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) филиалы — кыргыз тили жана маданияты борбору ачылды. Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Астанадагы Евразия улуттук университетинде (ЕУУ) Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) филиалы — кыргыз тили жана маданияты борбору ачылды

2 / 4

Ачылыш аземине Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган педагогдор, ЕУУнун ректору Ерлан Сыдыков жана аталган университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышкан

3 / 4

Кожобеков баштаган делегация ЕУУнун материалдык-техникалык базасы менен таанышып, ал жакта окуп жаткан ОшМУнун студенттери менен да жолугушкан

4 / 4

Буга чейин ОшМУда Евразия улуттук университетинин филиалы — казак тили жана маданияты борбору ачылган.

Ачылыш аземине Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган педагогдор, ЕУУнун ректору Ерлан Сыдыков жана аталган университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышкан.
"Филиалды ачуунун максаты жогорку билим берүү багыты боюнча котормо, орус тили жана адабияты багытында адистерди биргелешип даярдоо. Анын арты менен келечекте табият таануу, физика жана IT багыттары боюнча билим берүү программаларынын санын көбөйтүү каралган. Студенттер алгачкы эки жылды Ош шаарында, кийинки эки жылды Астанада окушат", — деп айтылат маалыматта.
Кожобеков баштаган делегация ЕУУнун материалдык-техникалык базасы менен таанышып, ал жакта окуп жаткан ОшМУнун студенттери менен да жолугушкан.
Буга чейин ОшМУда Евразия улуттук университетинин филиалы — казак тили жана маданияты борбору ачылган. Учурда борбордо 30 студент билим алууда.
ОшМУда МГУнун борбору ачылат, эки диплом берилет. Келишимге кол коюлду