Радио

Пасанова: Ош драма театры 20 жылдан бери алгач ирет Бишкекке келди

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Заникан Пасанова театрга колдоо көрсөткөн меценаттар көбөйсө деген тилегин билдирди.
Sputnik
Ош драма театры 20 жылдан бери алгачкы жолу борбор калаага гастролдоп келип отурат. Бул тууралуу Зинакан Пасанова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган чыгармачылык жамаат Бишкектин театр сүйүүчүлөрүнө алты спектакль менен келген.
"Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры бардык эле маданий тармактардай болуп башынан экономикалык кризисти өткөрдү. Анын кесепетинен 20 жылдан бери биринчи ирет Бишкекке гастролдоп келип отурабыз. 24-25-26-апрель күндөрү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасында күнүнө эки сеанстан төрт жолу коюлуп жатат. Борбор калаанын көрүүчүлөрү биздин чыгармачылык жамаатка шык берип, кол чаап жакшы колдошууда. Бул артисттер үчүн абдан чоң табылга. Элдин келиши да жакшы. Биздин аймактагы театрлар да ушундай өнүгүп, көрүүчүлөр көбөйсө, театр, маданият тармагына колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр чыкса деп тилек кылабыз. Былтыртан баштап маданият тармагына бөлүнгөн каражат көбөйүп, айлык акы жогорулап мамлекет жакшы көңүл бура баштады. Анын жемиши катары Бишкекке гастолдоп келип кетүүгө түзүлгөн мүмкүнчүлүктү атасак болот", — деди Пасанова.
Ал театр жамааты быйыл да жаңы төрт спектаклди элге тартуулоого даярданып жатканын кошумчалады.