Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Украина Артемовскиден баш тартса кандай коркунучка кептелерин айтты

Донецк Элдик Республикасына караштуу шаарда бир нече айдан бери айыгышкан салгылаш жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Киев Артемовск шаарын калтырып кете албайт, эгер анте турган болсо россиялык аскерлерге аймактын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Al-Arabiya араб телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Артемовскиден баш тарта албайбыз, себеби ал фронтту кеңейтип, Россиянын аскерлерине жана "Вагнерге" биздин аймактын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алууга жол ачып берет. Артемовскини толук көзөмөлгө алуу андан ары Краматорск жана Славянскиге чабуул жасоого "трамплин" болот", — деди Зеленский.
Донецк Элдик Республикасынын Артемовск шаарында бир нече айдан бери айыгышкан салгылаш жүрүп жатат. Бул калаа Донбасстагы украин күчтөрүнүн керектөөлөрүн камсыздап турган маанилүү транспорттук түйүн болуп саналат. Аскерлери шаарды бошотуу үчүн күрөшүп жаткан "Вагнер" тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин 11-апрелде россиялык күчтөр аймактын 80 пайызын көзөмөлдөп жатканын билдирген. Андан 10 күндөн кийин Артемовскидеги украин күчтөрү ыкчам курчоого алынганын, бирок кандуу булоон жоктугун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батышта Украина жасай турган контрчабуулдун үч сценарийи айтылды