Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батышта Украина жасай турган контрчабуулдун үч сценарийи айтылды

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва контрчабуул тууралуу айтылган ар бир сөзгө маани берип, атайын операциянын кийинки кадамдарын пландоодо эске аларын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жазында Украинанын болжолдонуп жаткан контрчабуулу үч сценарий менен жасалышы мүмкүн. Бул тууралуу отставкадагы австралиялык генерал Мик Райан британиялык Daily Mail гезитине маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Биринчи сценарий боюнча Украина болгон күчү менен ресурсун пайдаланып, ири чабуул жасай алат. Экинчисинде аскер күчүн бөлүп, түштүк менен чыгышта бир маалда кол салышы мүмкүн. Ал эми үчүнчү сценарий боюнча өз ара байланышпаган бир нече чакан чабуулга ыктайт.
АКШлык отставкадагы генерал Стивен Твитти Киев үчүнчү сценарий менен кетет деген пикирде.
Эскерте кетсек, Украина контрчабуул жасай турганын көптөн бери айтып келет. 15-апрель күнү өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгаль контрчабуул жакынкы күндөрү болорун айткан.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва контрчабуул тууралуу айтылган ар бир сөзгө маани берип, атайын операциянын кийинки кадамдарын пландоодо эске аларын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Пентагон Киев сурагандан аз курал-жарак жөнөттү