Июнь окуясын уюштургандардын бири катары издөөдө жүргөн аял кармалды

Абдуллаева сот тарабынан күнөөлүү деп табылып сыртынан 16 жылга эркинен ажыратылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Июнь окуясынын уюштуруучуларынын бири катары Караматхон Абдуллаева 13 жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, УКМК жана Ош ШИИБдин кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында 22-апрелде издөөдө жүргөн аял колго түшкөн. Караматхон Абдуллаевага 2010-жылдагы Июнь окуясынын уюштуруучуларынын бири катары издөө жарыяланган. Ал сот тарабынан күнөөлүү деп табылып 2014-жылы сыртынан 16 жылга эркинен ажыратылган.
Милиция толугураак маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.
УКМКга пара берип жаткан фармкомпаниянын чет элдик жетекчиси кармалды. Сүрөт