Өлкөнүн шайлоо системасы акырындык менен өнүгүп келе жатат. Мындай пикирин Бакытбек Жумагулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шайлоо системасындагы өзгөрүүлөр 2010-жылдан кийин башталган.
"Өлкөдөгү саясий окуялар, революциялар шайлоого байланышкан. Ошондуктан бул багытта өзгөртүүлөрдү жасап, сабак алуу зарылдыгы турду. 2010-жылдан тарта "бир шайлоочу — бир добуш" деген принципке алып келүү үчүн реформа башталган. Учурда шайлоо системасынын кыска убакыттагы эволюциялык жолу менен өнүгүп келгени көрүнүүдө. Ага чейин шайлоолор абдан ыплас өтө турган. Алсак, "карусель" (бир шайлоочу бир нече добуш берүү) деген ыкма колдонулган учурлар болду. Административдик рычаг колдонулуп, бюллетендер массалык салынган учурлар кездешти. Жок, каза болгон адамдардын добушу саналганы боюнча кептер азыр жомоктой сезилиши ыктымал. Бирок чынында мунун баары кечээ жакындагы тарыхыбызда болгон. Алар менен күрөшүү аракеттери дагы көрүлүп турду. Маселен, шайлоочунун баш бармагындагы тырмагына белги койгон убактар өттү. Эми учурда электрондук добуш берүү киргизилип, сынамык режиминде колдонулду. Мунун артыкчылыгы абдан эле көп. Алсак, кагазга үнөм болуп, экологияга, экономикага зыян келтирбейт. Анткени учурунда бюллетенди сүрөткө тартып коомчулукка жарыялап жибергендер кездешкен. Натыйжада БШК бюллетендердин баарын өрттөөгө мажбур болгон", — деди Жумагулов.
Ошондой эле ал аралыктан шайлоодо добуш берүүнүн купуялуулугу сакталбай калышы ыктымал экенин кошумчалады.