Радио

Кыргызстанда кан берген ыктыярчылардын саны азаюуда

Республикалык кан борборунун көчмө бригадасынын бөлүм башчысы Назгүл Кубатбекова донор күндөрүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Sputnik
18-19-апрелде Кыргыз-Россия славян университетинде донор күндөрү өттү. Бул тууралуу Назгүл Кубатбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, донор күндөрүнө көбүнчө студенттер активдүү катышып келет.
"Биздин борбордо донор күндөрү маал-маалы менен дайыма белгиленип келет. Анткени канга муктаждык күч. Өткөн жумада эле КРСУда студенттер тарабынан кан тапшырылды. Буга чейин да бир катар окуу жайлардын студенттери активдүү катышып келишкен. Негизи эле мындай иш-чараларга көбүнчө студенттер катышып, ал эми жеке кан берүүнү каалаган ыктыярчылардын саны азайып баратат. Ал эми студенттер орозо маалына туш келгенине карабастан донор болушту. Негизи рамазан айында кан берем дегендер аз болот деп күткөн элек. Канга муктаждык ар дайым бар. Өзгөчө татаал төрөттөргө кан өтө керек болуп жатат. Биз коопсуз канды топтоого болгон күчүбүздү жумшап жатабыз", — деди Кубатбекова.
Ал Республикалык кан борбору ЖОЖдорго, мекемелерге, уюмдарга кат жолдоп, жооп келген учурда гана көчмө бригада барарын кошумчалады.