Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Черновцы облусунда диний жай өрттөлдү. Видео

Милиево аймагындагы Иов Почаевскийдин храмы сыйынуучулардын күчү менен 2014-жылы түптөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Черновцы облусунда белгисиз адамдар Украина православ чиркөөсүнө тиешелүү Иов Почаевскийдин храмын өрттөп кетишти. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы маалымдап, анын видеосун койду.
"Храмды ушундай билгичтик менен өрттөшкөн, аны сактап калууга мүмкүн болгон жок", — деп билдирген Черновцы-Буковинский епархиясынын берген маалыматында.
Черновцынын Милиево селосундагы Иов Почаевскийдин храмы сыйынуучулардын күчү менен 2014-жылы өздөрүн Киев патриархатынанбыз деп атаган раскол сектасындагылар басып алган чиркөөнүн ордуна курулган.
2022-жылы Киев бийлиги Украинанын православдык чиркөөсүн Россия менен байланышта деп кине тагып, аталган өлкөнүн ар кыл аймактарындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Украина парламентине УПЧтин республикада иштешине чектөө койгон мыйзам долбоорун жөнөтүшкөн. Украинанын православдык чиркөөсүнүн бир катар өкүлдөрүнө мамлекеттик санкциялар киргизилгени маалым.
Соңку мезгилде Киев бийлигинин бул жаатта кысымы күчөп, ал коомчулукта айыптоолорду пайда кылууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина полициясы православдык чиркөө кызматкерин кармаган видео