Баткендин чек арадагы айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды. Сүрөт

Былтыр чек арадагы куралдуу жаңжалда мектептин 2021-жылы курулуп пайдаланууга берилген биринчи окуу корпусунун имараты талкаланып, калган үч корпусу да жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылында 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Капсула салуу аземине президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев, президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИС уюмунун өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер, тургундар катышты.
1 / 3

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылында 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу башталды.

2 / 3

Капсула салуу аземине президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев, президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИС уюмунун өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер, тургундар катышты.

3 / 3

Мектеп үчүн айыл өкмөт 1,4 гектар жер бөлүп берген.

Мектеп үчүн айыл өкмөт 1,4 гектар жер бөлүп берген.
Имарат эки кабаттан турат, курулуш мөөнөтү 2023-жылдын апрель-август айлары деп белгиленген. Тендердик баасы — 83,2 миллион сом.
Эскерте кетсек, былтыр чек арадагы куралдуу жаңжалда мектептин 2021-жылы курулуп пайдаланууга берилген биринчи окуу корпусунун имараты талкаланып, калган үч корпусу да жабыркаган.
Аталган мектеп Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС уюму тарабынан курулуучу, куралдуу жаңжал учурунда жабыркаган 15 социалдык объектинин катарына кирди.
Баткенде 243 үй-бүлөгө социалдык жардам катары 100 миң сомдон тапшырылды