Зарна болуу ашказандын кадимки гастрит илдетинен тартып, аутоиммундук оорулардан, ал тургай ракка алып келген эзофогит барретинен кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу Нургүл Токтогулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ач карын учурда көп кекиргендик ашказан кычкылынын жетишсиздигинен кабар берет.
"Дайыма зарна болуу, көпкө чейин зарна менен жүрүү олуттуу оорудан кабар бериши мүмкүн. Адатта бул гастроэзофагалдык рефлекс илдетинен келип чыгат. Башкача айтканда, кызыл өңгөч менен ашказандын кошулган жери жакшы жыйрылбай бошошуп калгандыктан, ашказан кычкылы кызыл өңгөчкө да өтө баштайт. Жыйынтыгында адам зарна болуп, кекирип, оозуна ачуу даам келет. Учурунда дарылабаса мунун кесепети жаман, ал тургай ракка алып келүүчү эзофогит баррети оорусу же башка аутоиммундук оор илдеттер болушу ыктымал. Айрым учурда, тескерисинче, жөн гана ашказандын гастрити болуп бат эле айыгып кетишет. Андыктан өз алдынча дарыланбай медиктерге кайрылуу зарыл", — деди Токтогулова.
Ал майлуу тамактарды жеп, газдалган суусундуктарды ичүү ичеги-карын ооруларын шарттай турганын кошумчалады.