Баткенде волейбол боюнча ири мелдеш өтүп жатат. Сүрөт

Мелдештин максаты — облус элинин ынтымагын, биримдигин чыңдоо, коомчулукту сергек жашоого үндөө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Баткенде волейбол боюнча облус башчысынын кубогу өтүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчы маалымдады.
1 / 3

Баткенде волейбол боюнча облус башчысынын кубогу өтүүдө

2 / 3

Иш-чара президенттин "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү" жарлыгынын алкагында, бүгүн, 23-апрелде, башталды

3 / 3

Мелдештин салтанаттуу ачылышында президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев катышуучуларга ийгилик каалады.

Иш-чара президенттин "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү" жарлыгынын алкагында, бүгүн, 23-апрелде, башталды.
Эркектер жана аялдар арасында өтүп жаткан оюндарга жалпысынан 25 команда катыштууда.
Мелдештин максаты — облус элинин ынтымагын, биримдигин чыңдоо, коомчулукту сергек жашоого үндөө.
Мелдештин салтанаттуу ачылышында президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев катышуучуларга ийгилик каалады.
Май айында Ошто Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VII фестивалы өтөт