Жолго кулаган таш: Ошто 2800 түтүнгө электр жарыгы кайра берилди

Кырсык кечээ түштөн кийин болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кара-Кулжадагы жарыксыз калган 2 800 түтүнгө электр энергиясы берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянып жергиликтүү кабарчы билдирди.
Эске салсак, 22-апрелде саат 2:00 чамасында Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 84-85-чакырымдарынын аралыгындагы Көңдүк айылынын кире беришинде тоодон узуну 50 метр, туурасы 8 метрдей болжолдуу 6 000 куб көлөмдө таш кулап, каттам жабылып, 2 800 абонент жарыксыз калган.
Жол кечээ саат 18:40та бир тараптуу ачылып, ары-бери каттагандар өтө баштаган. Ал эми электр кубаты саат 20:15те толугу менен берилди.
Өкүлчлүктөн тазалоо иштери уланып жатканын айтышкан.
Ошто тамтыгы чыгып бараткан Масалиев көчөсүнүн жолу оңдолот