Май айында Ошто Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VII фестивалы өтөт

Иш-чарага бир нече өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 17-21-майында Ош шаарында Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VII фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
“Фестиваль Кыргыз Эл Баатыры, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жана казак элинин улуу жазуучусу, көрүнүктүү окумуштуусу, коомдук ишмери Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат. Иш-чаранын максаты — кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурастарын, каада-салтын, өнөрүн сактоо жана өнүктүрүү”, — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Армения, Иран, Пакистан, Франция, Швеция, Испания, Япония, Монголия, Америка, Беларусь, Эстония, Латвия, Индия, Абхазия, Башкыртстан, Алтай, Тыва, Саха-Якутия, Хакасия, Сибирь, Калмыкия жана Чечен республикаларынын өкүлдөрү катышат.
Дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалы 2006-жылдан тарта өткөрүлүп келет.
Бишкекте "Хор Турецкого" менен SOPRANO акысыз концерт коет