Медведев G7 пландаган Россия товарларынын экспортуна салган тыюу боюнча үн катты

Тыюу салган тизмеге дары-дармектер жана айыл чарба продукциялары кириши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. G7нин өлкөлөрү салган жапырт тыюу Россиянын дан эгиндери боюнча келишиминин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Бул туурасында Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Телеграм каналына жазды.
"Андай болгон учурда бейформал клубдун катышуучулары үчүн дан эгиндери боюнча келишим жана алар муктаж болгон башка нерселер жокко чыгат. Бул демилге Россиядан G7 өкүлдөрү үчүн эң маанилүү жана талылуу болгон категориядагы товарлардын импортун токтотууну билдирет", — деген ал.
Bloomberg берген маалыматтарга караганда, G7 мамлекеттери Россияга товарларды импорттоого демейки түрдө тыюу салынган режимди киргизүүнү карап жатышат. Кара тизмеге дары-дармектер жана айыл чарба продукциялары кириши мүмкүн.
Украинанын эгин, азык-түлүк жана жер семирткичтерин Кара деңиз аркылуу үч порттон, анын ичинде Одессадан экспорттоону өзүнө ала турган эгин келишимине 2022-жылдын 22-июлунда Россия, Түркия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюму кол коюшкан. Жалпы макулдук боюнча, кемелердин кыймылы менен Стамбулдагы координациялык биргелешкен борбордун иш алып баруусу каралган. 2023-жылдын 18-мартынан тарта 18-майга чейин, 60 күнгө, узарткан.
"Эгин келишими" узартылды. Россияга анын зарылдыгы кандай?