Медицина илимдеринин кандидаты, котормочу Изиля Рахимова көз жумду

Медицинанын ардагери менен коштошуу Бишкек шаарында өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Котормочу, медицина илимдеринин кандидаты Изиля Рахимова 85 жаш курагында көз жумду. Бул туурасында уулу, экономист Кубат Рахимов кабарлады.
Ал энеси узак жана бактылуу жашаганын, беш балага өмүр тартуулап, илим жана маданиятка өзүнүн салымын кошуп кеткенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Изиля Рахимова — медицина боюнча бир катар илимий эмгектердин автору. Эмгек жолун 1962-жылы баштаган.
Окумуштуу СССР учурунда берилген автордук алты күбөлүктүн, Кыргызстандын төрт патентинин да ээси. Адис жергиликтүү сырьедон элдик дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу менен алектенген.
Изиля Абдуллаевна котормочу катары да эмгектенген. Анын соңку эмгектеринин бири Мухтар Ауэзовдун кыргызчага которулган "Абай жолу" чыгармасы болду.
Sputnik Кыргызстан агенттиги менен раидосу энесинин каза тапкандыгына байланыштуу Кубат Рахимовго көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Өз муунунун мыкты өкүлү. Сталбек Алмасбековго жазылган некролог