Келерки аптада Боомдо ары-бери каттоо чектелип турат. Себеби

Чаралар кырсыкты алдын алуу үчүн көрүлүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Боом капчыгайында, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 129-чакырымында таш кулатуу иштери болот. Бул туурасында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Таш кулатуу эртең, 24-апрелден тарта башталып, 28-апрелге чейин уланмакчы.
Күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маал чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүп турары айтылды. 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Мындай иштердин аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.
Быйыл Нарын шаарынын 44 көчөсүнө асфальт төшөлөт