Казакстанда төрт күндүк иш жума бекитилмекчи

Коңшу өлкөдө ашыкча иштөө айына 12 сааттан көп болбош керектиги туурасында айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Быйылкы июль айынан тарта Казакстанда аптасына төрт күндүк иш жума бекитилерин Sputnik Казакстан кабарлады. https://ru.sputnik.kz/
Муну менен катар эле беш жана алты күндүк иш аптасы сакталып кала берет. Ал эми жекшемби жалпы дем алыш болмокчу. Калган эс алуу күндөрү жамааттык келишим менен такталып, бекитилет. Маалыматта ашыкча иштөө айына 12 сааттан көп болбош керектиги туурасында айтылды.
Май айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат