БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Екатеринбургда кыргызстандык бала жоголуп табылбай жатат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ал 21-апрелде мектепке чыгып кеткен боюнча үйүнө кайткан эмес. 22-апрелде ата-энеси полицияга кайрылган. Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызматкерлери полиция бөлүмүнө барып, жоголгон окуучунун ата-энеси менен жолукканы айтылды.
"Баланы тартип сакчылары издөөгө киришти. Консулдук бул кооптуу окуя боюнча Екатеринбургда социалдык тармакта түзүлгөн 100дөн ашык топторго кабарлады", — деп билдирди ТИМ.
Окуучуну табууга полициядан тышкары, издөөчү "Прорыв", "Лиза Алерт" топтору да кошулган.