Электр кубатынын тарифин жогорулатуунун натыйжасында бюджетке кошумча 2,6 миллиард сом түшөт. Анын 1,2 миллиард сому калк тарабынан төлөнөт. Бул тууралуу Абайылда Адылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электр энергиясына болгон тарифке жыл сайын өзгөртүү киргизүү аркылуу бааны өздүк наркына жеткирүү саясаты жүрөт.
"Бүгүнкү маалда колдонулуп жаткан тарифтик саясат 2021-жылдын октябрь айында кабыл алынган. Анын негизги максаты — учурдагы электр энергиясынын тарифине жыл сайын өзгөртүү киргизүү аркылуу инфляцияны эске алып, бааны өздүк наркына жеткирүү. Калк үчүн электр кубатынын баасы 2015-жылы 77 тыйын деп белгиленип, андан бери жогорулатылган эмес. Эми 1-майдан тартып калк үчүн баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түздү... Тарифти жогорулатуунун натыйжасында бюджетке кошумча 2,6 миллиард сом түшөт. Анын 1,2 миллиард сому калк тарабынан төлөнөт. Албетте, мындай саясатты калк туура түшүнүү менен кабыл алышы керек", — деди Адылбек уулу.
Ошондой эле адис чет өлкөдөн импорттолуп жаткан электр кубаты баа саясатына таасирин тийгизерин кошумчалады.