Сергектик, спорт, чың ден соолук. Быйылкы "Жаз деминен" алынган ирмемдер

Бишкекте быйыл да Bakai Bank Jaz Demi жарым марафону өттү. Спортко кайдыгер карабаган кыргызстандыктар беш түргө бөлүнгөн аралык менен өзүнүн мүмкүнчүлүгүн сынап көрүштү. Тагыраагы, алар беш, он, жыйырма бир жана бир чакырымга чуркашты.
Sputnik
Чоңдордон сырткары, балдар үчүн да атайын аралыктар каралган. Уюштуруучулар 3-5 жаштагылар үчүн 100 метрди, 6-8 жаштагылар 300 метрди, ал эми андан чоңураактарга жарым чакырымды, өспүрүмдөргө бир чакырымды белгилеп беришкен.
Жарышта жаш курак чектелген жок, алтымыш жаштан өткөндөр да келди. "Аска-Таш" мемориалдык комплексинен 3 500 жөө күлүк старт алып, мара ошол жерде болду.
Ал эми жарым марафондун максаты массалык спортту өнүктүрүү экенин айтышты. Иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурду.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу Bakai Bank Jaz Demi иш-чарасынын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.
1 / 15

Бишкекте Бакай Банк Jaz Demi жарым марафонуна 3500 адам катышты

2 / 15

Алар 5, 10, 21,1 чакырымга чуркап келишти

3 / 15

3500 күлүк Аска-Таш мемориалдык комплексинен старт алды

4 / 15

Финиш дагы ошол жерде болду

5 / 15

Марафондун катышуучусу

6 / 15

Жарым марафондун максаты — массалык спортту өнүктүрүү

7 / 15

Бул - жыл сайын өтүп жаткан иш-чара

8 / 15

Жарышка 60 жаштан жогорку спортчулар да катышты

9 / 15

Марага жетип, медаль тагынып жаткан жигит

10 / 15

Иш-чараны Nomad Sport бейөкмөт уюму уюштурган

11 / 15

Бир нече чакырымдан кийин марага жеткен күлүктөр

12 / 15

Эркектер арасында сыйлык тапшыруу аземи

13 / 15

Кыз-келиндер арасында сыйлык тапшыруу аземи

14 / 15

Спорт, сулуулук...

15 / 15

Балдар үчүн 100 метрден 1 чакырымга чейин программа болду