ЖМК: Байден менен Маккартинин тиреши АКШны дефолтко кептеши мүмкүн

Жардамчыларынын айтымында, Байден мамлекеттик карыздын чеги боюнча сүйлөшүүлөргө жол бербөө өтө маанилүү экенин өз тажрыйбасынан билет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден менен Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачы Кевин Маккартинин ортосунда мамлекеттик карыздын чектен ашып кетиши боюнча бир пикирдин жоктугу Ак үйдө тынчсызданууну жаратууда. Бул нерсе дефолтко алып келиши мүмкүн экенин Politico басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Учурда Ак үй менен Маккартинин ортосунда эч кандай орток пикир жок. Шаршемби күнү республикачы мамлекеттик карыздын чегин 1,5 триллион долларга көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анткен менен ал документти Өкүлдөр палатасынан өткөрө алабы же жокпу белгисиз жана кандай болгон күндө да ал Демократиялык партияда фиаского туш болот", — деп айтылат макалада.
Байден, анын жардамчыларынын айтымында, мамлекеттик карыздын чеги боюнча сүйлөшүүлөргө жол бербөө өтө маанилүү экенин өз тажрыйбасынан улам билет.
"Администрациянын ичиндеги тынчсыздануу ар кандай деңгээлде. Анткени жогорку даражалуу экономикалык аткаминерлер башкаларга караганда дефолттун ыктымалдуулугуна көбүрөөк түшүнүшөт", — деп жазды Politico.
Буга чейин АКШнын финансы министри Жанет Йеллен болушу мүмкүн делген дефолттун кесепетин айткан.
Global Times доллардын айынан АКШнын үстөмдүгү кыйраганын билдирди