24-апрелге карата аба ырайы

Эртең Кыргызстандын айрым аймактарында күндүн 30 градуска чейин ысый турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас өрөөнүндө +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көлдө +15...+20, ал эми Нарында +18...+23 градус болот.
Термометр Бишкекте +24...+26, Ошто +28...+30 градусту көрсөтөт.
Күн катуу ысыйбы? Май айына карата аба ырайы