100 миң сом пара опузалаган. УКМК Москва районунун салыкчыларын кармады

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты.

2 / 3

Ага ылайык, кылмышка шектүүлөр А.Д.А. аттуу жарандан сумманын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түшкөн.

3 / 3

Кылмышка шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ага ылайык, кылмышка шектүүлөр А.Д.А. аттуу жарандан сумманын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түшкөн.
"Москва районуна караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору У.П.А. жана рейддик салык контролу бөлүмүнүн башкы инспектору С.А.Б. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, салыктык текшерүү жүргүзүү жана мүлк салыгы боюнча салык карызынын жоктугу жөнүндө маалым кат берүүдө оң чечим кабыл алуу үчүн А.Д.А. аттуу кишиден 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын мыйзамсыз талап кылган", — деп билдирди атайын кызмат.
Кылмышка шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.
УКМКга пара берип жаткан фармкомпаниянын чет элдик жетекчиси кармалды. Сүрөт