ТИМ кыргызстандыктарды Судан өлкөсүнө барбай турууну сунуштады

Учурда аталган өлкөдө жети кыргызстандык бар.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Судан Республикасында армия менен тез аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы курчуп жаткан куралдуу кагылышууга байланыштуу аталган өлкөгө барбай турууну сунуштады. Ал эми ал жакта жүргөн мекендештерге аэропорт, аскер базалары жана өкмөт уюмдары жайгашкан райондордон оолак болууну эскертти.
"Кыргызстандын Сауд Арабия Королдугундагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын жети жараны жүрөт. Алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет", — деп билдирди ТИМ.
Элчилик өлкөдө жүргөн башка кыргызстандыктардын бар-жогун аныктап жатат, маселе ТИМдин көзөмөлүндө.
Суданда армия менен тез аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышуу 15-апрелде башталган. Өлкөдө бир жумада 600дөн ашуун адам каза болгонун жергиликтүү ЖКМлар жазды.
ТИМ: Ирактын абактарында жаткан 41 кыргызстандыкты кайтаруу аракети көрүлүүдө