Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Пентагон Киев сурагандан аз курал-жарак жөнөттү

Байдендин администрациясынын Пентагон аркылуу курал-жарак менен каржылоо мөөнөтү аяктап баратканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. АКШ Киевге украин аскерлеринин командачысы Валерий Залужный сурагандан алда канча аз курал жөнөттү. Бул тууралуу Foreign Policy басылмасы жазды.
Газета Leopard танкалары жеткирилгенден кийин Abrams танкалары да берилери убада кылынганын, бирок "Киев коридорлорунда" бул өтө аз жана кеч болуп калат деген кооптонуулар бар экенин жазды.
"Америкалык чиновниктер Abrams танкаларынын барышына дагы бир нече ай бар экендигин расмий түрдө моюнга алууда. Ал эми Пентагон эмнени жибере аларын түшүнүү үчүн запастарын изилдеп жатат", — деп белгиледи гезит.
Басылма Америкадан Украинага өтө аз өлчөмдө жардам келип жатканын, анткени Байдендин администрациясынын Пентагон аркылуу курал-жарак менен каржылоо мөөнөтү аяктап баратканын жазды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг: НАТО өлкөлөрү Киевге мындан да көп курал жөнөтүшү керек