Кыргызстанда мотосезон ачылды. Асмандан тартылган видео

Милиционерлер жолдогу коопсуздукту камсыздашты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Мотосезон – 2023" расмий ачылды.
Байкерлер эртең менен Чүйдөгү Бурана мунарасына барышты.
Мотоцикл айдоочуларынын коомчулугунун программасына ылайык, Бишкекте мотожүрүш саат 15:00дөн кийин башталган. Дрон менен тартылган видеону Патрулдук милиция башкармалыгы жарыялады. Милиционерлер жолдогу коопсуздукту камсыздашты.
Бүгүнкү иш-чарага коңшу өлкөнүн байкерлери дагы катышты.
Өлкөдө мотосезон жазында башталып, күзүндө жабылат.
Велосипедчен мэр, шаңдуу балдар. Бишкектеги велосезондун ачылышынан 15 сүрөт