БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Экономика жана соода министрлиги министрлер кабинетинин "Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.
Документте социалдык маанидеги товарлардын тизмесин кайра карап чыгуу зарылчылыгы бар экендиги белгиленген. Ага кээ бир азык-түлүк эмес товарларды кошуу сунушталууда:
көмүр;
АИ-80 жана АИ-92 маркасындагы бензин, дизель майы;
суюлтулган газ;
минералдык жер семирткичтер;
тоют (чөп жана саман).
Буга чейин тизмеге: ун, нан, сүт, өсүмдүк майы, эт, кант, күрүч, макарон, жумуртка жана жашылча кирген.
Жаңы тизме мурункудай эле бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен түзүлдү. Баалар Улуттук статистика комитети тарабынан көзөмөлдөнөт, ал эми аларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү чечими (зарыл болсо) Экономика министрлиги тарабынан кабыл алынат.