Көөнө Сөз

Манасчы: "Манаста" айла-амалдуу, сыйкырчы адамды "даргөй" деп колдонгон

"Көйкашка" коомдук фондунун мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
Sputnik
"Манаста" айла-амалдуу, сыйкырчы адамды "даргөй" деп колдонгон. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, сыйкырчылык ал адамдын сапаттарынын бири болуп саналат.
"Манас эпосунда "даргөй" деген сөз кездешет. Ал айла-амалдуу, сыйкырдуу, санжыргалуу деген маанини билдирет. Улуу баянда:
"Даңчылдар ишти болжосун,
Дайынын таппай койбосун.
Даргөйү жок иш кылып,
Келечегин ойлосун", — деген саптар кездешет. Башкача айтканда, даргөй деп жөн гана келечекти болжоп, акыл таап, кеңеш берген көсөм эмес, сыйкырды билген, айла таап амалды колдоно билген өзгөчө касиетке ээ болгон инсанды айтат", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал "Манас" баянын угуу менен жан дүйнөнү арууласа болорун кошумчалады.