Апталап, айлап төшөк кумарына батпагандыктын кесепети айтылды

Сексолог дененин башка органдары, булчуңдар сыяктуу эле жыныс органдары да иштеп турушу керектигин түшүндүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Төшөк мамилесинен көп убакыт кармануу жыныс органдарынын анатомиялык өзгөрүшүнө алып келет. Бул тууралуу сексолог Евгений Кульгавчук Sputnik радиосуна айтып берди.
Адистин айтымында, жыныс органдары адамдын башка мүчө, булчуңдары сыяктуу эле иштеп турушу керек. Муну менен адам ден соолукта болот жана дене мүчөсү жакшы формада кармалат.
"Биздин бардык органдарыбыз иштеп турушу керек. Эгерде адам такыр кыймылдабай эле жата берсе, анын булчуңдары алсызданат. Бул жыныстык органдарга дагы тиешелүү. Көпкө чейин сексуалдык катнашта болбогон мырзаларда жыныстык мүчөнүн эрекцияны камсыздаган структуралык бөлүгүнүн чоюлчаактыгы жоголот, айрымдар жыныс мүчөсү кичирейип кеткенин байкашат. Аялдарда болсо жыныс органдарынын былжыр чел кабыгы жукарып кетет, өзгөчө жаш өткөн сайын мындай абал күчөйт. Ал жукарганда интимдик катнаш учурунда ооруксунуу сезилет", — деди Кульгавчук.
Дарыгер эгерде адам интимдик жашоосун бир нече айдан бери токтотуп койгон болсо, кайра "реабилитациялоону" ойлонушу керектигин белгилеген.
"Ар бир адамда эле жашоодогу түрдүү түйшүктөр, интимдик жашоодон алыстоого түрткөн учурлар болот. Жыныстык катнашка барбай бир нече күн, жума жүргөн болсоңуз ойлонууга себеп бар. Ал эми апталап, ал тургай айлап төшөк кумарын көрө элек болсоңуз, анда органдарды калыбына келтирүүнү ойлонуңуз. Убакыт бизге каршы иштейт. Өзгөчө 40 жаштан өткөндөр жыныстык катнашсыз көпкө жүрбөгөнгө аракеттенүүсү зарыл, анткени бул курактан кийин жыныстык органдардын адаптациялык механизми мурункудан алсызыраак болуп, органдардын калыпка келүүсү татаалдашат", — деп түшүндүрдү сексолог.
Жубайлардын ортосунда төшөк мамилеси сууп кетсе эмне кылуу керек? 5 ыкма