Жер титирөөдөн жабыркаган Кахраманмарашта куюн жүрүп, 1 киши каза тапты. Видео

Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар ооруканага жаткырылып, жеринде куткаруучулар иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган Кахраманмараш шаарында болгон куюн учурунда бир киши каза болуп, 34 адам жаракат алды. Бул тууралуу Sputnik Түркия жазды.
Маалыматка ылайык, ал жерде алгач катуу мөндүр жаап өткөн. Куюн жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн тигилген чатыр жана контейнерлерди учуруп, унааларды оодарып салган.
Эске салсак, Түркиянын Кахраманмараш провинциясында февраль айында магнитудасы 7,7 жана 7,6га жеткен жер титирөө болгон. Эпкини 11 провинцияга жана коңшу Сирияга да тийген. Кырсыктын кесепетинен 49 миңден ашык адам курман болду.
Түркия жер титирөөдөн кийинки чыгымды эсептеди