Радио

Фитнес машыктыруучу: спорт адамды стресстен арылтат

Фитнес машыктыруучу Эрбол Жээнтаев спорт адамды стресстен оолак кыларын айтып берди.
Sputnik
Спорт бир гана ден соолукту чыңдабастан, стресстен дагы арылта турганын Эрбол Жээнтаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Спорт — бул жашоо. Адам канчалык көп кыймылдаса, ошончолук жашоо узарышы мүмкүн. Карыганда ден соолугум чың болсун дегендер жаш кезинен тарта спорт залдарына барып машыгышы керек. Спорт — бул мотивация. Бир кездерде жашоодон көңүлүм калып, алдыда кызыктуу эч нерсе болбочудай сезилген учурда спорт жашоомо кирди. Андан кийин баары өзгөрдү. Кайрадан жашагым келип, жашоо түстүү боекторго боелуп баштады. Спорт бир гана ден соолукту чыңдабастан, стресстен дагы арылтат. Чын көңүл менен машыккандан кийин ар бир адам жеңилдикти сезе алат. Ошон үчүн залга эртең же бүрсүгүнү барам деп созбостон, дароо машыга баштоону сунуштайм. Спорт менен нервди да тынчтандырууга болот", — деди фитнес машыктыруучу.
Ал ар бир адам өзүнүн акыбалына жараша спорттук көнүгүүлөрдү жасашы керектигин кошумчалады.