Чүйдө эки заводдун курулушу башталып, РКӨФ каражат бөлдү

Жапаров завод-фабрикалар менен ишканалар бардык техникалык, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен курулуп иштетилиши керектигин баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кант шаарында “Кант ТШИ” (түтүк-шифер ишканасы) заводунун жаңы линиясынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында “Асыл-Таш” керамика” заводунун имаратынын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
“Кант ТШИ” заводунун кеңейишине катышкан Жапаров Кыргызстан сырьёлук базага: кум, шагыл, топурак, гипс, мрамор, гранит жана башка курулушка керектүү байлыктарга ээ экенин айтып, жакынкы жылдарда өлкөдө ири курулуштар жүрөрүн, заводдон чыкчу продукциялар абдан зарыл болорун жана “Кант ТШИ” заводун модернизациялоого, кеңейтүүгө министрлер кабинети кызыкдар экенин белгиледи.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кант шаарында “Кант ТШИ” (түтүк-шифер ишканасы) заводунун жаңы линиясынын имаратынын пайдубалына капсула салды.

2 / 5

“Кант ТШИ” заводунун кеңейишине катышкан Жапаров Кыргызстан сырьёлук базага: кум, шагыл, топурак, гипс, мрамор, гранит жана башка курулушка керектүү байлыктарга ээ экенин айтып, жакынкы жылдарда өлкөдө ири курулуштар жүрөрүн, заводдон чыкчу продукциялар абдан зарыл болорун жана “Кант ТШИ” заводун модернизациялоого, кеңейтүүгө министрлер кабинети кызыкдар экенин белгиледи.

3 / 5

Белгилей кетсек, “Кант ТШИ” заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 12,1 миллион долларды түзсө, анын 8,5 миллион долларын Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат.

4 / 5

Муну менен кошумча 120 жумуш орду ачылат жана өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 миллион сомдон ашуун киреше түшөт.

5 / 5

Ушул заводдон чыккан продукциялар менен илгери Алматы, “Байкоңурга” чейинки курулуштар салынган. Азыр дагы түтүктөр, шиферлер, плиталар эл аралык талаптарга жооп берет, ЕАЭСтин реестрине кирген. Заводдо ISO стандартына шайкеш келген өзүнүн лабораториясы бар. Демек, завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана. Биз цемент, шифер, кирпич ж.б. курулуш материалдарынын жаңы линияларын ачууга, алардын экспортун көбөйтүүгө, мамлекеттик инвестиция жасоого даярбыз”, - деди Жапаров.

“Ушул заводдон чыккан продукциялар менен илгери Алматы, “Байкоңурга” чейинки курулуштар салынган. Азыр дагы түтүктөр, шиферлер, плиталар эл аралык талаптарга жооп берет, ЕАЭСтин реестрине кирген. Заводдо ISO стандартына шайкеш келген өзүнүн лабораториясы бар. Демек, завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана. Биз цемент, шифер, кирпич ж.б. курулуш материалдарынын жаңы линияларын ачууга, алардын экспортун көбөйтүүгө, мамлекеттик инвестиция жасоого даярбыз”, - деди Жапаров.
Белгилей кетсек, “Кант ТШИ” заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 12,1 миллион долларды түзсө, анын 8,5 миллион долларын Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Муну менен кошумча 120 жумуш орду ачылат жана өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 миллион сомдон ашуун киреше түшөт.
Жапаров ошондой эле “Асыл-Таш” керамика” заводунун курулушуна капсула салды.
1 / 6

Жапаров ошондой эле “Асыл-Таш” керамика” заводунун курулушуна капсула салды.

2 / 6

Белгилей кетсек, “Асыл-Таш” керамика” заводу карапа такта жана керамогранит өндүрөт.

3 / 6

Завод ишке киргенден тартып 300гө жакын адам жумуш орду менен камсыз болот.

4 / 6

Жумушчулардын 70-80 пайызы жергиликтүү элден алынып, калганын инженерлер, технологдор, программисттер жана башка адистер түзөт.

5 / 6

Бул долбоордун жалпы суммасы 34,6 миллион доллар болсо, анын 25 миллионун Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат.

6 / 6

Бул долбоордун жалпы суммасы 34,6 миллион доллар болсо, анын 25 миллионун Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат.

“Завод ызы-чуу эмес, тынч. Зыяндуу таштандыларды чыгарбайт. Заманбап технология менен иштеген келечектин заводу болот. Мамлекетке салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн ири киреше түшөт. Завод ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана болот. Бир жагынан, токтоп турган ишкананын ордун кайра жандандырып жатканыңыздар үчүн рахмат. Экинчи жагынан, заводду эң жакшы жерге салып жатасыздар. Логистикалык жактан стратегиялык жерде турат – Түндүк – Түштүк жолу өтөт, экспортко чыгарууга Кара деңиз жакын, темир жол станциясы бар. Сырье алуу үчүн карьер жаныңарда”, – деди Жапаров.
Белгилей кетсек, “Асыл-Таш” керамика” заводу карапа такта жана керамогранит өндүрөт. Завод ишке киргенден тартып 300гө жакын адам жумуш орду менен камсыз болот. Жумушчулардын 70-80 пайызы жергиликтүү элден алынып, калганын инженерлер, технологдор, программисттер жана башка адистер түзөт. Бул долбоордун жалпы суммасы 34,6 миллион доллар болсо, анын 25 миллионун Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат.
Кыргызстанда автоунаа заводун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды