Жаңы кабыл алынган жобо күчүнө кирип, эми юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо иштери электрондошуп, мөөнөттөрү кыскартылды, ошону менен бирге жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эми юридикалык жак республиканын кайсы аймагында жайгашканына карабай өзүнө ыңгайлуу жерден каттала алат.
"Юридикалык жактарды, алардын өкүлчүлүктөрүн каттоо, кайра каттоо иштери электрондошконуна байланыштуу жөнөкөйлөштү жана мурда талап кылынган мөөнөттөрү кыскарды. Мисалы, мурдагы мыйзам боюнча саясий партияларды каттоого бир ай талап кылынса, эми 10 күндө каттала алышат. Муну менен катар эле юридикалык жактардын жоопкерчилиги да күчөтүлдү. Буга чейин мекеменин дареги көрсөтүлгөн боюнча эле каттала берчү. Жыйынтыгында Салык кызматы же укук коргоо органдары каттоодогу дарекке барып мекемени таппай калган учурлар көп болгон. Эми даректи көрсөтүп коюу жетишсиз. Ошол даректе көрсөтүлгөн имараттын ээси тиешелүү документтери менен келип, чындыгында ошол мекемени өзүнүн имаратына каттатууга уруксат бергенин тастыкташы талап кылынат", — деди Сыдыков.
Ал юридикалык жактарды каттатууда жарандар жеке юристтерге акча төлөп документтерин тариздеп отурбай эле өздүгүн тастыктаган документи менен министрликтин өзүнө же аймактагы башкармалыктарына кайрылса адистер керектүү процедураларды жасап берүүгө милдеттүү болорун кошумчалады.