Жалал-Абадда Жеңиш күнүнө карата улуттук оюндар боюнча мелдеш өтөт

Жалпы байге фонду 4 миллион сом. Турнирдин негизги бөлүгү ат оюндарынан турат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер Жалал-Абад облусунда өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Оюндар Жалал-Абад шаарындагы "Телтору" ат майданында 2-майда башталып, 9-майда жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген командалар катышары күтүлүүдө.
Мелдештин жүрүшүндө көк бөрү, эр эңиш, ат оюндары, кунан чабыш, ат чабыш, тай чабыш, кыска аралыкка ат чабуу, бышты жорго, аламан ат чабыш, салбурун боюнча жарышат. Жалпы байге фонду 4 миллион сом.
Аталган оюндар Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.
Кыргызстандын жаачылары Ташкентте өтчү Азия кубогуна катышат. Тизме