Өлкөдөгү жаачы, мүнүшкөр, тайганчылар күч сынашат

Мелдештин байге фонду 370 миң сом, ал Ысык-Көлдүн Тоң районунда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 22-24-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда салбурун боюнча республикалык "Тоң оюндары" мелдеши өтөт. Дене тарбия жана спорт агенттиги ага өлкөнүн бардык аймактарынан спортчулар келерин билдирди.
Мелдештин жүрүшүндө бүркүт салуу, ителги, ылаачынды далбага ойнотуу, жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, тайган жарыш боюнча оюндар болот.

"Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Мелдештин жалпы байге фонду 370 миң сом. Иш-чара Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын "Салбурун" федерациясы тарабынан уюштурулууда", — деп айтылат маалыматта.

Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи 23-апрелде саат 11:00дө башталат.
Ар өлкөдөн келген салбуурунчулардын бүйүр кызыткан оюну. Сүрөт түрмөк