Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Столтенберг: НАТО өлкөлөрү Украинанын уюмга мүчө болушуна макул

Дмитрий Песков Москва абалга тыкыр көзөмөл жүргүзүп жаткандыгын, Украинанын дал ушул НАТОго кирүү аракеттери атайын операциянын башталышына себеп болгондугун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. НАТОнун бардык союздаштары Украинанын альянстын мүчөсү болушуна макул. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Мен кечээ Киевде айткандай эле, Украинанын келечеги альянстын мүчөлүгүндө. НАТО боюнча бардык союздаштар Украинанын альянска мүчө болушуна макул", — деген Столтенберг.
Анын айтымында, азыр НАТО өлкөлөрү Украинанын жеңишин камсыздоого бардык көңүлүн буруп жатат.
2022-жылдын сентябрь айынын аягында Владимир Зеленский Украина шашылыш түрдө НАТОго кирүүгө арыз берерин билдирген. Ал эми АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан азыр "мындай процедураларды жүргүзө турган убакыт эместигин" айткан.
Уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг Зеленскийдин билдирүүсүнөн кийин блоктун позициясы өзгөрбөгөндүгүн, ар бир өлкө өз жолун өзү аныктай тургандыгын айтып, "ачык эшик" саясаты тууралуу дагы кошумчалаган. Анткен менен альянс Киевге коргонуу үчүн жардамды күчөтүүгө басым жасай турганын белгилеген.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Украинаны НАТОго мүчө кылуу боюнча Зеленскийдин өтүнүчү жана ага карата болгон түрдүү реакция тууралуу кабардар экенин билдирген. Ал Москва абалга тыкыр көзөмөл жүргүзүп жаткандыгын, Украинанын дал ушул НАТОго кирүү аракеттери атайын операциянын башталышына себеп болгондугун эскерткен болчу.
РФ ТИМи: Россия менен НАТО күчтөрүнүн кагылышуу коркунучу бар