Президенттик администрация прокуратуранын укугун кыскартууну сунуштады

Администрация учурдагы укуктар прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыгып кеткенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президенттин администрациясы "КР прокуратурасы жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап коомдук талкууга чыгарды.
Документте прокуратура органдарынан тергөөнү алып салуу каралган. Максаты — прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Конституциясынын негиз салуучу жоболоруна каршы келген ыйгарым укуктарын жоюу. Андыктан прокуратура органдарынын айрым функцияларын жана ыйгарым укуктарын кыскартуу зарыл деп айтылат.
"Бул сунуш прокуратура органдары тарабынан кылмыш-жаза иштери боюнча сотко чейинки, ошондой эле соттук өндүрүштү жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктар кагылышын алдын алуу максатында иштелип чыккан. Укук коргоо органдарынын системасында ооздуктоо жана тең салмактуулук принцибин камсыз кылуу абзел", — деп жазылат долбоордун негиздемесинде.
Андыктан прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү функциясын алып, аны ИИМ менен УКМКга өткөрүп берүү сунушталган. Буга Аскер прокуратурасы тергей турган иштер кирбейт.
Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган сунуш боюнча президент кабыл алган чечимге карап пикирин билдирерин айткан эле.
Белгилей кетсек, 2021-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна ээ болгон. Ал эми былтыр жыл соңунда депутат Жеңишбек Токторбаев прокуратура органдарынын тергөө жүргүзүү функциясын ИИМ жана УКМКга өткөрүп берүү мыйзам долбоорун сунуштаган.
5,5 миллиард сом. Зулушев кайсы орган мамлекетке канча акча өндүргөнүн айтты